Бүгүн, 23-январда Бишкекте орусиялык оппозиционер саясатчы Алексей Навальныйга колдоо көрсөткөн акция болуп өттү. Өзүн Дмитрий деп тааныштырган адам Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин алдына барганын, колундагы ураан-жазуулардын бирин милиция алып койгонун Current Time Asia телеканалынын кабарчыларына айтып берди:
«Навальный туура сүйлөп, туура иш кылып жатат деп эсептейм. Кыргызстан Орусиядан көз каранды эмес болушу керек. Аны бошотуу талабы коюлган акциялар бүгүн бүткүл Орусияда өтүп жатат».
Сүрөт www