ИИМдин Ички иликтөө кызматы Сузак РИИБүнүн аймактык тескөөчүсү боюнча өз пикирин билдирди

Окуялар тизмеги 23 Янв 2021 14:35
0 ой-пикир

Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

2021-жылдын 22-январь күнү «Регион ТВ» каналынан Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынын Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн милициянын участкалык уполномоченныйы милициянын ага лейтенанты Касымбек уулу Кымбатбек Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматынын кызматкерлери кысымга алып жатат деген маанидеги билдирүүсү таркаган.
Бул билдирүү боюнча кызматтык иликтөө жүргүзүлгөн учурда төмөндөгү жагдайлар белгилүү болгон. 2021-жылдын 19-январь күнү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматынын Ош шаарында жайгашкан 3-башкармалыгына Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынын Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн милициянын участкалык уполномоченныйы, милициянын ага лейтенанты Касымбек уулу Кымбатбек жумушуна шалаакылык мамиле кылып, айрым учурда жумуш убактысында баӊгизатын колдонот деген ыкчам маалымат түшкөндүктөн аталган башкармалыктын жетекчилиги тарабынан Ички иштер министрлигинин Ош шаарында жайгашкан ички иликтөө кызматынын 3-башкармалыгынын оперкызматкерлерин Жалал-Абад облусуна кызматтык командировкага жөнөтүлгөн. Жогорудагы маалыматты ар тараптуу иликтөө максатында Сузак РИИБнин жетекчилигинин, медицина кызматынын кызматкерлери менен биргеликте милициянын ага лейтенанты Касымбек уулу Кымбатбекти Жалал-Абад шаарындагы наркологиялык диспансерге чакыртылган. Бирок милициянын ага лейтенанты Касымбек уулу Кымбатбек наркодиспансерден текшерүүдөн өтүүгө макул болбой баш тарткан. Бул туурасында тийиштүү акт түзүлүп жетекчиликке билдирилген. Бул окуядан 3 күн өткөн соӊ Касымбек уулу Кымбатбек «Регион ТВ» каналынан маалымат таркаткан.
Аталган жагдай боюнча ИИМдин Ички иликтөөлөр кызматынын жооптуу кызматкерлери төмөндөгүдөй пикирин билдиришти.

  1. КРдин ИИМнин ички иликтөө кызматынын начальнигинин орун басары милициянын полковниги Анарбек Мусаев: «2021-жылдын 19-январь күнү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Ички иликтөө кызматынын Ош шаарында жайгашкан 3-башкармалыгына Жалал-Абад облустук Ички иштер башкармалыгынын Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн милициянын участкалык уполномоченныйы, милициянын ага лейтенанты Касымбек уулу Кымбатбек жумушуна шалаакылык мамиле кылып, айрым учурда жумуш убактысында баӊгизатын колдонот деген ыкчам маалымат түшкөндүктөн аталган башкармалыктын жетекчилиги тарабынан Ички иштер министрлигинин Ош шаарында жайгашкан ички иликтөө кызматынын 3-башкармалыгынын оперкызматкерлерин Жалал-Абад облусуна кызматтык командировкага жөнөтүлгөн.
  2. Улукбек Жаманов-КРдин ИИМнин ИИКнын 3-башкармалыгынын ыкчам ыйгарым укуктуу оперкызматкери, милициянын подполковниги: « Ыкчам маалыматтын негизинде Жалал-Абад облусуна кызматтык тапшырма менен барганбыз. Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн милициянын участкалык уполномоченныйы, милициянын ага лейтенанты Касымбек уулу Кымбатбекти кызматтык иликтөөгө чакырганбыз»
  3. Данияр Курбанов-КРдин ИИМнин ИИКнын 3-башкармалыгынын ыкчам ыйгарым укуктуу оперкызматкери,милициянын подполковниги: « Ал жерде ИИМге караштуу медицина кызматынын нарколог-психиатры да кошо барган. Сузак РИИБдин жетекчилиги да болгон. Бирок Касымбек уулу Кымбатбек наркологиядан текшерүүдөн өтүүдөн баш тартып кетип калган.
  4. Улукбек Жаманов-КРдин ИИМнин ИИКнын 3-башкармалыгынын ыкчам ыйгарым укуктуу оперкызматкери,милициянын подполковниги: « Бул жагдай боюнча биз тараптан Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги менен биргеликте акт түзүлгөн»
  5. Данияр Курбанов-КРдин ИИМнин ИИКнын 3-башкармалыгынын ыкчам ыйгарым укуктуу оперкызматкери,милициянын подполковниги: « Ал жерде милициянын генерал-майору Сүйүнбек Өмүрзаковдун дарегине жана азыркы бийликке карата эч кандай сөздөр айтылган эмес. Биз кызматтык милдетибиздин алкагында гана сүйлөп жумушубузду аткарып жатканбыз.
  6. Улукбек Жаманов-КРдин ИИМнин ИИКнын 3-башкармалыгынын ыкчам ыйгарым укуктуу оперкызматкери,милициянын подполковниги: «Ал кызматкер айтып жаткан сөздөр эч бир чындыкка дал келбейт. Биз ал кызматкерди эч кандай куугунтукка алган эмеспиз. Ал кызматкердин дарегине карата түшкөн ыкчам маалыматты ар тараптан иликтеп чекит коюу үчүн барганбыз.
    Касымбек уулу Кымбатбек 1999-жылы ички иштер органдарынын катарына кирген болсо ошондон бери 3 ирет ээлеген кызматынан алынган бир жолу ички иштер органдарынын катарынан кеткен. Акыркы кезде ээлеген кызматка толук эмес ылайыктыгы боюнча эскертүү жарыяланган. Кызмат өтөгөн мезгилдерде жалпысынан 8 ирет кызматтык жазага кириптер болгон.
    Жогоруда биз сөз кылган жагдай боюнча акыйкат чечим кабыл алуу багытында Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан кызматтык иликтөө башталды.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.