УКМК Калысбек Жумакановду 2-ирет камакка алды

Окуялар тизмеги 19 Янв 2021 16:51
0 ой-пикир

УКМК кызматкерлери Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын мурдагы директору Калысбек Жумакановду кайрадан камакка алышты. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз борбору билдирди.

Белгиленгендей, аткаминер буга чейин атайын кызмат тарабынан 2020-жылдын ноябрь айында кармалган. Бирок, ден соолугунун начарлыгына байланыштуу Бишкек шаардык сотунун чечими менен баш коргоо чарасы үй камагына өзгөртүлдү.

«Мамлекеттик инспекциянын директорунун жетекчилиги астында, 2017-жылдан 2020-жылга чейинки мезгилде, жалпы 90 млн сомго ветеринардык дары-дармектерди жеткирүү боюнча мамлекет үчүн атайылап жагымсыз келишимдер түзүлгөнү аныкталды. Мындан тышкары, квалификациялык талаптарга жооп бербеген жана милдеттүү сынаксыз адамдардын бош жетекчилик кызмат ордуна мыйзамсыз дайындоо фактылары аныкталды», – деп билдирди УКМК.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.