Токиодо кыргыз фестивалы өттү

Окуялар тизмеги 19 Янв 2021 10:07
0 ой-пикир

КРнын Япониядагы Элчилиги тарабынан  маданият жана спорт тармагында эки тараптуу кызматташууну илгерилетүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштеринин алкагында, Токио префектурасынын Хамура шаарында 2021-жылдын 16-январында Хамура шаарынын мэриясы тарабынан уюштурулган Кыргыз Республикасы менен тааныштырууга багытталган кыргыз фестивалы өттү. Хамура шаары Токиодогу Олимпиадага даярдануу боюнча Кыргызстандын дзюдо боюнча машыгуучуларга кабыл алуу шаар деп аныкталган. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Токио аймагында өзгөчө абал жарыялангандыктан, фестиваль көрүүчүлөрсүз видео форматында өттү. Учурашуу сөздөр менен Хамура шаарын мэри Шин Намики, Кыргыз Республикасынын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Мирлан Арстанбаев, ошондой эле Япониянын ырчысы жана Хамура шаары менен Кыргызстандын достук жана ак ниеттүүлүк Элчи-волонтеру Мита Ре чыгып сүйлөштү.

Фестивалдын алкагында кыргыз аткаруучу Калыйман Уметбаева, япон ырчысы Мита Ре жана Токио көркөм-өнөр университетинин япон комузчулары ыр ырдап, күү ойношту. Ошондой эле видео көрүүчүлөргө Кыргызстандын продукциясы, маданият, туризм боюнча презентациясы жана Кыргызстандын кооз жаратылышын, кыргыздын улуттук кийимдерин, сувенирлерин көрсөтүү фотокөргөзмө уюштурулду.

Иш-чаранын аягында Хамура шаарын мэри Шин Намики Кыргыз Республикасынын Япониядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Мирлан Арстанбаевге дзюдо боюнча Кыргыз Республикасынын машыгуучуларына келе жаткан Токиодогу Олимпиадага колдоо көрсөтүүгө атайын чыгарылган альбомду тапшырды.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.