Парламент “Манас” эпосу тууралуу мыйзам долбоорун экинчи окууда карайт

Окуялар тизмеги 18 Янв 2021 11:39
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети 18-январда “Манас” эпосу тууралуу мыйзам долбоорун экинчи окууда карайт. Бул тууралуу парламенттин сайтында кабарланды.

Мыйзам долбоорун кырк депутат демилгелеген. Мыйзамдын максаты — эпоско байланыштуу баалуулуктарды сактоо, жайылтуу, изилдөө жана Манас деген ысымды коммерциялык жана башка максаттарда пайдалануу иш-аракеттерин тескөө болуп саналат.«Манасты» бурмалап, коммерциялык жана башка максаттарда пайдалануу иш-аракеттерине, «Манас», «Семетей», «Сейтек» деген аталыштарды арак, коньяк сыяктуу ичимдиктерге коюуга тыюу салуу демилгеси көтөрүлгөн.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.