Венгриянын президенти Садыр Жапаровду куттуктады

Окуялар тизмеги 17 Янв 2021 10:18
0 ой-пикир

Венгрия Республикасынын Президенти Янош Адер Садыр Жапаровду Кыргыз Республикасынын Президенти болуп шайлангандыгына байланыштуу куттуктады. Бул тууралуу Садыр Жапаровдун шайлоо штабынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

“Кыргыз Республикасы Венгрия үчүн Борбордук Азия чөлкөмүндөгү маанилүү өнөктөш болуп саналат. Үндөш салттарга жана өз ара тилектештикке негизделген эки тараптуу мамилелердин туруктуу өнүгүп келе жаткандыгы бизди кубандырат. Ошондой эле Түрк Кеңеши да биздин кызматташуубузду кеңейтүү үчүн эң сонун мүмкүнчүлүктөрдү сунуштоодо. Алардын ичинен уюмдун Будапешт өкүлчүлүгү маанилүү болуп эсептелет», — деп белгиленет Янош Адердин куттуктоосунда.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.