Кыргызстанда дагы 134 кишиден коронавирус табылып, үч бейтап көз жумду.
Өлкөдө илдет жугузуп алгандардын расмий саны 82 857 адамга жетти. Жалпы ооругандардын 78 715и сакайды. Соңку бир күндө 152 адам айыкты.
Пневмонияны козгой турган коронавирус Кыргызстанда алгач 2020-жылдын март айында аныкталган. Андан бери оорудан кайтыш болгондордун саны расмий эсепте 1374 адамга жетти.
Сүрөт интернеттен алынды