Милициянын ага сержанты ММА Вале-Тудо боюнча Орто Азиянын чемпиону

Окуялар тизмеги 15 Янв 2021 14:29
0 ой-пикир

Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат дегендей, кыргыз элибиздин көп кырдуу жигиттерибиз арбын. Ошондой жигиттердин бири ордолуу Ош шаарында жайгашкан ИИМдин «Шумкар» Атайын багыттагы полкунун №3 батальонунун кызматкери, милициянын ага сержанты Жусупакун уулу Жумгалбек. 2020-жылдын 13-14-декабрь күнү Ош облусунун Кара-Суу районунда болуп өткөн EFS чемпионатында жеңүүчү табылып, чемпион курун белине таккан.
Жусупакун уулу Жумгалбек 1994-жылы Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кан-Коргон айылында туулган. Мектепте өкүп жүргөн убакытында эле спортко кызыгып, бир нече түрлөрү менен машыгып жүргөн. Кызмат учурунда күжүрмөн самбо боюнча бир нече мелдештерге катышып, байгелүү орундарды ээлеген. Милицияда эмгек жолун 2015-жылы Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын атайын операциялар отрядынан баштаган. Азыркы учурда спортун ММА, күжүрмөн самбо жана кармашып мушташуу менен машыгып келет.
Жетишкендиктерин айтып кетсек: ММА Вале-Тудо боюнча Орто Азиянын чемпиону, кармашып мушташуу боюнча чемпионатында 3 орун, профессионалдык WEF Prof fight, WEF celection, FFC турнирлеринин жеңүүчүсү.
ММАнын спорт чебери, кармашып мушташуу боюнча спорт чеберчилигине талапкер.

ИИМдин “Шумкар” АБПнын Басма сөз кызматы

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.