Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды

Окуялар тизмеги 15 Янв 2021 13:40
0 ой-пикир

Бишкек ШИИБдин Криминалдык милиция кызматынын ыкчам кызматкерлери издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармады. Бул тууралуу шаардык ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирет.

Кармалган адам мыйзамдагы ууру Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү экендиги такталды. Кармалган Ш.А. 1989-жылы туулган. Ал Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Белгиленгендей, 2018-жылы Биринчи май райондук соту ага издөө жарыялаган.

Учурда тиешелүү тергөө амалдары жүрүп жатат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.