Кайрат Примбердиев: «Наамымды тартып алууга укугуңар жок, ал үчүн өтө оор жагдайлар болушу керек»

Окуялар тизмеги 15 Янв 2021 14:49
0 ой-пикир

 Кайрат Примбердиев маданият министри андан «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» наамын жеке ыйгарым укуктарын колдонуп тартып ала албасын айтты. Бул тууралуу анын соцтармактагы баракчасына жазды.

“Менден маданият министри «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» наамын тартып алууга укугу жок. Ал үчүн өтө оор жагдайлар болушу керек. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жана ардак наамдар жөнүндө мыйзамынын 24-беренесин окуп көрүңүздөр. Баса белгилей кетсем, Маданият министрлигинин мындан сырткары да кыла турган кызматтары абдан көп. Жаза колдонуу жана чара көрүү жумуштары менен башка органдар иш алып барат. Ага утурлай эле, мени колдоп, керек болсо, мен да наамымды тапшырам деген кесиптештериме рахмат айтам. Сиздер да ачууга алдырбаңыздар, кесиптештерим, сиздер ал наамга канчалаган эмгек менен жеткенсиздер. Мен бул кайрылууну жолдобой эле койоюн деп жаткам. Бирок, мага жеке кат аркылуу өлтүрүп кетем деген коркутуулар болуп жатат. Жада калса үй-бүлөмдүн да тынчтыгын алып коркутуп жатат. Мен ойлойм, бул да Маданият министрлигинин жарлыгынан кийинки реакциядан улам болуп жатат деп. Эгер, министр бизди кабинетине чакырып алып, эскертүү берип койсо мынчалык резонанс жаратмак эмес. Биз ошол жерден анын көзүнчө кечирим сурап, видео кайрылуу жасап койсок ошо менен бүтмөк.

Биз күнөөбүздү моюнубузга алып, Кудайдан жана коомчулуктан кечирим сурап, видеону өчүргөнбүз. Ал эми, видеону көчүрүп алып, таратып жаткандарга айтарым “жаманды жашырып, жакшыны жайылтууга” себепкер болуңуздар демекчимин”, — деди ырчы.

13-январда Маданият, маалымат жана туризм министрлиги Курал Чокоевге 2011-жылдын 12-июнунда берилген «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгисин кайтарып алган. Тиешелүү буйрукка министр Нуржигит Кадырбеков кол койгон. Бирок айрым маданият тармагындагылар наамдарынын эч пайдасы жок экенин, керек болсо алып келип беришерин да айтып чыгышты, алсак, Атай Омурзаков, Анжелика, Эркин Рыскулбековдор. Ал эми Кайрат Примбердиевди “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти” наамынан ажыратуу боюнча маданият министрлининин сунушу Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратына расмий жөнөтүлгөнү кабарланган. 

Эске сала кетсек, жыл жаңырары менен ырчы Курал Чокоев  YouTube каналынан берүү ачып,  ырчыларды конокко чакырып этикага туура келбеген, жосунсуз жоруктар, жесттер менен коштолгон көрсөтүү тартуулаган. Берүүнүн жүрүшүндө алар бири-бирин оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, уят сөздөрдү да колдонушкан. Курал Чокоевдин берүүсүнө конок катары келген Кайрат Примбердиев да коомчулуктун катуу сынына кабылган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.