Боршайкомдун 10-январдагы кезексиз президенттик шайлоодо жана мамлекеттик башкаруу формасын тандоо референдумунда берилген добуштарды кол менен эсептөөнү улантып жатат.
БШКнын маалыматына караганда, 15-январга карата чет өлкөдө жайгашкан беш шайлоо участогунан добуш бюллетендери келе элек.
Жалпысынан кол менен эсептөөдө шайлоого жана референдумга берилген добуштардын пайызы теңелип, 39,29% түздү. Ошондой эле, добуштарды автоматтык түрдө эсептөөчү үкөктөрдүн берген маалыматында шайлоого добуш бергендер 39,27%, ал эми референдумга добуш бергендер 39,43% түзгөн.
Боршайком маалымдагандай, кол менен эсептөөдө берилген добуштарда өзгөрүү болгон эмес. Референдумга берилген добуштардын 81,44% «президенттик башкаруу» үчүн, ал эми шайлоого берилген добуштардын 79,28% талапкер Садыр Жапаров үчүн деп берилген.
Сүрөт интернеттен алынды