Жашы жете элек кызга нике кыйган молдо жазадан бошотулду

Окуялар тизмеги 14 Янв 2021 21:40
0 ой-пикир

Ош облусунун Ноокат районунда 16 жаштагы кызга нике кыйган деп айыпталган молдону райондук сот үч жылга эркинен ажыратып, мунапыстын негизинде жазадан бошотту. Бул тууралуу маалымат Сот актылары жана отурумдары сайтына жарыяланды.

Документке ылайык, окуя 2018-жылдын 20-октябрь күнү Ноокат районунун Жандама айылында болгон. 35 жаштагы молдо 16 жаштагы кыз менен 20 жаштагы жигитке нике кыйган, алардын паспортторун караган эмес, нике кыйганы тууралуу маалыматты каттоо китепчесине жазбай койгон.

Нике кыйган молдо райондук соттун чечими менен Жазык кодексинин 178-беренеси («Диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу») боюнча айыптуу деп табылып, үч жылга эркинен ажыратылган. Бирок сот анын камсыздоосуна муктаж төрт баласы бар болгонун жана буга чейин соттолбогонун эске алып, жазык жоопкерчилигинен бошотуу боюнча мунапыс колдонгон.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.