Токмок шаарында батир уурулугун алдын алуу иштери жүргүзүлдү

Окуялар тизмеги 14 Янв 2021 18:56
0 ой-пикир

2021-жылдын 13-январда Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Токмок шаарынын аймагында батир уурулугунун алдын алуу үчүн рейд иш-чарасы өткөрүлдү. Бул иш-чаранын максаты, көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочуларын жеке мүлктөрүнө сак болууга чакыруу жана батир уурулуктарын алдын алууга багытталган.
Жогорудагы рейд иш-чарасына Токмок шаарынын ИИБдүн криминалдык милиция
кызматынан, коомдук коопсуздук кызматынан жана кайгуул күзөт кызматынын
кызматкерлеринен 60дан ашуун кызматкерлер тартылган.
Милиция кызматкерлери көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочулары жана активдери менен жолугушуп, кылмыштуулуктарды жана батир уурулуктарды алдын алуу дайыма өздөрүнө сак болууга чакырышты. Эгерде кандайдыр бир шектүү кишилер пайда болсо же алардын кыймыл аркеттери шектенүүлөрдү жаратсадароо 102 телефон немерине же милициянын аймактык тескөөчүсүнө кабарлоо зарыл экендиги эскертилди. Андан сырткары шаардык ички иштер бөлүмүнүн ишеним номерлери жана аймактык тескөөчүлөрдүн номерлери жашоочуларга
таркатылды.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.