Ош облустук сотунун басма сөз кызматы Кара-Суу районундагы Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидиновдун Ош шаардык сотунун чечими менен үй камагына чыгарылышы боюнча түшүндүрмө таратты. Анда кабарлангандай, шаардык сот 14-январда Мунарбек Сайпидиновдун бөгөт чарасын карап, анын туруктуу жашаган жери бар экенин, мамлекетке келтирилген 1 033 700 (1 миллион 33 миң 700) сомдук материалдык зыянды толугу менен төлөп бергенин жана үй-бүлөлүк абалын эске алып, Сайпидиновду 11-мартка чейинки мөөнөткө үй камагына чыгарган. Шектүү сот залынан бошотулган.
Сот чечимине ылайык, Сайпидинов Савай айылындагы үйүнөн тышкары чыгууга укугу жок. Ошондой эле тергөө учурунда суракка биринчи чакыруу менен келүүгө милдеттүү. Мунун баарына Ош шаардык милициясы жоопкер, ал эми анын жетекчиси көзөмөл кылууга тийиш.
Ошондой эле маалыматта шаардык сот Мунарбек Сайпидиновдун Жазык кодексинин 320-беренеси («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») боюнча шек саналып, кармалганы мыйзамдуу жана негиздүү деп тапканы жазылган.
Сүрөт интернеттен алынды