Караколдо балаты катуу шамалдан кулады

Окуялар тизмеги 14 Янв 2021 14:12
0 ой-пикир

Социалдык тармактарда Каракол шаарындагы кулап калган балатынын сүрөтү тарады. Шаардын мэринин милдетин аткаруучу Эрмат Жумаев бул боюнча маалымат таратты.

«Бул көрүнүштү эл түшүнүү менен кабыл алат деп ойлойм. Эң башкысы жабыркаган адамдар жок. Бул кубандырат. Аба ырайын алдын алууга болбойт. Бүгүнкү аба ырайын көрдүңөр, мындан улам балаты кулап калды. Түшүнүү менен мамиле кылгыла деп суранам», — деп жазылат билдирүүдө.

Социалдык тармактарда Каракол шаарындагы кулап калган балатынын сүрөтү тараган, анда интернет колдонуучулар бул сүрөткө ар кандай ой-пикирлерин калтырышкан.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.