ИИМ ири алдамчылык менен алектенген жаранды кармады

Окуялар тизмеги 14 Янв 2021 11:20
0 ой-пикир

ИИМдин криминалдык ыкчам кызматкерлери ири суммадагы алдамчылык аракеттерге шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти. Борбор калаанын бир нече тургундары 2019-жылы күзүндө жасалган мыйзамсыз аракеттердин курмандыгы болушуп милицияга кайрылышкан. Шектүү унааларды ээлерине маалымдабай сатып жүргөн, андан кийин акча каражаты менен из жашырып кеткен. Алдамчылык фактылары боюнча арыздарды кымбат баалуу автоунаалардын ээлери гана эмес, шектүү адамдан унаа сатып алгандар дагы жазган. Арызда жабырлануучулар ири алдамчылык аракеттерди жасаган Канатбек аттуу бейтааныш адамга карата мыйзам чегинде чара көрүүнү суранышкан. Кол салган адам оңой эле жарандардын ишенимине кирип, алдамчылык жол менен мүлктү жана ири өлчөмдөгү акчаны ээлеп алган, ошол эле учурда ал өзүн ийгиликтүү ишкер катары тааныштырып жүргөн. 2019-жылдын ноябрь айынын ортосунда Бишкек шаарында шектүү алдамчылык жол менен отуз жети жаштагы жарандын баасы 13 миң доллар турган Тойота Приус үлгүсүндөгү унаасын ээлеп алган, андан кийин дайынсыз жоголгон. Шектүү көп өтпөй ошол эле жылдын ноябрь айында жогорудагы унааны башка жаранга 5 миң 700 долларга сатып жиберип, алган акчасын өзүнө ыйгарып алып качып кеткендиги белгилүү болгон. Алдамчылык иш-аракеттеринен жабыр тарткан унаанын ээси милицияга арыз менен кайрылган. Мындан тышкары, 2019-жылдын декабрь айында Бишкек шаарында аталган жаран ушул эле алдамчылык жол менен 25 жаштагы жарандын баасы 12 миң доллар турган Lexus RX 330 үлгүсүндөгү унааны ээлеп алган. Шектүү бир аз убакытка унааны пайдаланып турууну сураган, андан кийин ал автоунааны башка жаранга болжол менен 7 миң долларга сатып жиберип, акчаны алып качып кеткен. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Мындан тышкары жогорудагы шектүү алдамчылык иш-аракеттерине тиешеси бардыгы аныкталган. 2020-жылдын январь айында борбордун базарларынын биринде ишкердин ишенимине кирип, жалпы баасы 104 миң сомдон ашкан 20 тонна мандариндерди алдап алып, белгисиз тарапка качып кеткен. Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында бир катар алдамчылык аракеттерге шектелип, мурда соттолгон А.К. кармалган. Ал аты-жөнүн өзгөртүп Б.К. аттуу жаран болуп алган. Кармоо операциясы 2020-жылдын декабрь айынын аягында Чүй облусунун Сокулук районунда жүргүзүлгөн. Соттун чечими менен аталган жаранга карата эки айлык мөөнөткө камакка алуу түрүндө бөгөт чарасы тандалган. Жогоруда айтылгандар бир эле адам тарабынан жасалгандыгын эске алып, толук жана объективдүү тергөө максатында кылмыш ишинин материалдары бир өндүрүшкө бириктирилген. Сотко чейинки тергөө амалдарын Биринчи Май РИИБи жүргүзүүдө. Ички иштер министрлигинин криминалдык милиция кызматы кандайдыр бир маалыматы бар же жогорудагы адамдын колунан жабыр тарткан жарандар болсо төмөнкү телефон номерлерге кабарлап коюуну суранат: Байланыш телефону: 0312 26 62 61, 0703 00 05 70.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.