Эки колунан ажыраган жоокер Бишкек шаардык сотунун чечимине макул болбой, Жогорку сотко кайрылды

Окуялар тизмеги 14 Янв 2021 15:25
0 ой-пикир

Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарындагы №30295 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жүрүп токко урунуп, эки колунан ажыраган жоокер Руслан Сапарбаев Башкы штабды сотко берип, 5,2 млн. сом төлөп берүүнү талап кылган. Анын ичинен 1 млн. сом моралдык зыян үчүн, 4,2 млн. сом жоокердин колунун ордуна салынуучу протез сатып алуу максатында суралган. Адвокаттын маалыматына караганда Бишкек шаардук соту бул ишти карап, Башкы штабды Руслан Сапарбаевдин үй-бүлөсүнө 950 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген токтом кабыл алган. Сапарбаев соттун чечимине макул болбой, Жогорку сотко кайрылууну чечкен.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.