Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги соңку эки жылда мамлекетке 7 290 366 сом зыян келтирген, — Башкы прокуратура

Окуялар тизмеги 14 Янв 2021 13:00
0 ой-пикир

Башкы прокуратура Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги соңку эки жылда 7 290 366 сом зыян келтиргенин билдирди.

Бул тууралуу кабарды аталган мекеме өзүнүн порталына жайгаштырды. Анда белгиленгенге караганда агентиктин 2018-жылдан 2020-жылга чейинки аралыктагы ишмердигине аудит жүргүзүлгөн. Натыйжада текшерүүчүлөр агенттиктин жооптуу кызмат адамдары айлана-чөйрөнү коргоо боюнча мыйзамдардын талаптарын бузганын, дары өсүмдүктөрдү жыйноого жеке жана юридикалык тараптарга уруксат берүүдө акыларды мыйзамга ылайык өндүрбөгөнүн жана башка кемчиликтерин аныкташкан.

Башкы прокуратура аныкталган фактыларды териштирүү үчүн 4-январда Жазык кодексинин 320-беренесинин экинчи бөлүгүнө («Кызмат абалынан кыянат пайдалануу») ылайык сотко чейинки териштирүүнү баштады.

Сүрөт www

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.