Атай Өмүрзаков: «Пайдасыз наам берип, анан алып салабыз деп бүт элге жарыялаган болбойт»

Окуялар тизмеги 14 Янв 2021 13:19
0 ой-пикир

Белгилүү, таланттуу бийчи Атай Өмүрзаков ырчы Кайрат Примбердиев менен Курал Чокоевди колдоду.

Бийчинин билдирүүсү төмөндө өзгөртүүсүз берилет:

“Ким эмнени кааласа ошону ойлоп табат. Мен эмненин туура, эмне жаман экендигин айткан жокмун, баа берүү меники эмес. Мен биздин бийликтин мындай реакциясын гана сындап жатам. Пайдасыз наам берип, анан алып салабыз деп бүт элге жарыялаган болбойт.

Мен шоуну көрө элекмин жана колдобойм. Авторлор өздөрү барын түшүнүп, кечирим сурап, долбоорду жаап салышты. Бир ката үчүн, эч нерсени баалоону билбегендер гана мындай төмөн сөздөрдү сүйлөй алышат.

Кайрат менен Курал таланттуу адамдар, бизде мындай адамдар аз жана алар ушундай кырдаалдан улам өлкөбүздөн чыгып кетишинен корком”.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.