Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү кармалды. Бул тууралуу коопсуздук кызматынын кызматкерлери билдиришти.
Маалыматтарга ылайык, бүгүн, 14-январда саат 17:00 чамасында Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын кызматкерлери Бишкек шаарынын Ленин РИИБнин тергөөчүсүн иш бөлмөсүнөн кармашты.
Милиционер 20 миң сом өлчөмүндө пара алууга шектелүүдө.
Сүрөт 24.kg