Ысык-Көлдө балык уулоого чыгып кеткен адам чөгүп кеткен

Окуялар тизмеги 12 Янв 2021 00:28
0 ой-пикир

Ысык-Көлдө балык уулоого чыгып, чөгүп кеткен 38 жаштагы кишинин сөөгү табылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 11-январда билдиргендей, куткаруучулар бир күндөн кийин табылган сөөктү туугандарына өткөрүп беришти.

Каза тапкан киши Жети-Өгүз районунун Жеңиш айылынын тургуну. Ал шериги менен 10-январда балык кармоо үчүн чыгып, кайыгы кырсыктагандан кийин дайынсыз болуп жаткан.

Шеригин жергиликтүү тургундар куткарып калышкан.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.