Владимир Путин Садыр Жапаровду куттуктады

Окуялар тизмеги 11 Янв 2021 16:27
0 ой-пикир

Россия Федерациясынын президенти Владимир Путин Садыр Жапаровду Кыргызстандын президентин шайлоодогу жеңиши менен куттуктады. Куттуктоосу Кремлдин расмий баракчасына жарыяланды.

Анда Путин Жапаровдун мамлекет башчы катары ишмердиги Орусия менен Кыргызстан элинин достук мамилесин чыңдоого, Борбор Азия аймагындагы коопсуздукту жана туруктуулукту бекемдөөгө салым кошоруна ишеничин билдирген.

владимир Путиндин куттуктоосунда ошондой эле эки өлкөнүн стратегиялык жана союздаш мамилесин, ЕАЭБ, ЖККУ, КМШ жана ШКУ сыяктуу уюмдар менен ар кыл тармактары аркылуу жемиштүү кызматташтык боюнча чоң тажрыйбасын белгилеген.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.