УКМК Мелис Аспеков менен Улан Жураевди кармады

Окуялар тизмеги 09 Янв 2021 12:58
0 ой-пикир

«Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деген шек менен 8-январда кармалган эки адам Мелис Аспеков жана Улан Жураев экени айтылууда.

Бул тууралуу «Kaktus.media» порталы укук коргоо органдарынын кызматкерлерине шилтеме берип жазды.

Атайын кызмат 9-январда маалымат таратып, «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деген шек менен эки жарандык активист кармалганын билдирген.

УКМК берген «М.А.» жана «У.Д.» деген инициалдар Мелис Аспеков менен Улан Жураевдин (ред: орус тилинде Улан Джураев) аты-жөнүнө туура келет.

УКМК алар «Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчилигинин арызынын негизинде, Жазык кодексинин «Опузалап талап кылуу» беренесине шек саналып кармалганын кабарлаган.

Тергөөнүн жүрүшүндө аныкталгандай, «М.А.» жана «У.Д.» деген жарандар укук коргоо органдары ишкананы текшерет жана жетекчилигине каршы митинг уюштурулат деп коркутуп, «Кыргыз темир жолунун» башчыларынан 250 миң доллар талап кылышкан.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.