милиция полкунун кызматкерлери жаңы жылдын башталышын кайрымдуулук иштери менен башташты

Окуялар тизмеги 08 Янв 2021 16:37
0 ой-пикир

ИИМдин Күзөт кызматынын ведомстволук милиция полкунун кызматкерлери жаңы жылдын башталышын кайрымдуулук иштери менен башташты, — деп билдиришти милициядан.

     2021-жылдын январь айынын башы менен Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматынын  ведомстволук милиция полктун өздүк курам тарабынан жардам катары чогултулган акча каражаттарга Краснореченская жалпы билим берүүчү жана көмөк көрсөтүүчү интернатынын балдарына Жаңы жылдык майрамы менен куттуктап, полк командиринин кадрлар боюнча орун басары, милициянын полковниги Айтмамат Мавлянкулов жана кадрлар  тобунун тарбия иштери боюнча инспектору, милициянын ага лейтенанты Жылдыз Байзакова балдардын ар бирине белектерин тапшырып келишти. 
    Жыйынтыгында милициянын полковниги Айтмамат Мавлянкулов Краснореченская жалпы билим берүүчү жана көмөк көрсөтүүчү интернатынын балдарына каалоо тилегин айтып, жаңы жылы менен куттуктады.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.