«Бишкек» эркин экономикалык аймагынын мурдагы башкы директору жана директордун милдетин аткаруучусу кармалды

Окуялар тизмеги 07 Янв 2021 16:40
0 ой-пикир

«Бишкек» эркин экономикалык аймагынын мурдагы башкы директору жана директордун милдетин аткаруучусу кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлап, алар атайын кызматтын тергөө абагына 6-январда киргизилгенин билдирди.

УКМКнын маалыматына ылайык, «Бишкек» эркин экономикалык аймагы мамлекеттик ишканасында иликтөө жүрүп, коррупциялык схема аныкталган. Жыйынтыгында бир катар сатып алуу иштеринде, каражаттарды колдонууда жемкорлук болгону такталган.

2016-2020-жылдар аралыгында мамлекеттик бюджетке акча которууда мыйзам бузулган. Бул жылдары аталган мекемени Дүйшөн Ирсалиев башкарган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.