БШКда Нуржан Шайлдабекованын, Ички иштер министрлигинин жана Башкы прокуратуранын өкүлдөрүнүн катышуусунда ыкчам жооп координациялык тобунун жыйында аталган маселе каралды.
Жыйындын жүрүшүндө Сузак районунун тургундарынын президенттикке талапкер Садыр Жапаровдун штабы үйлөрүнө барып паспортторду чогултуп жаткандыгы тууралуу билдирүүсүн карады. Бирок, жергиликтүү милициянын өкүлдөрү билдиргендей, текшерүүнүн жыйынтыгында бул факт тастыкталган жок.
Сүрөт интернеттен алынды