Жалал-Абадда 32 жаштагы жаран 3 килограмм 618 грамм баңгизат менен кармалды

Окуялар тизмеги 02 Янв 2021 17:17
0 ой-пикир

Жалал-Абаддын Токтогул районунан буга чейин ачылган кылмыш иштин алкагында бир киши кармалып, жанынан 3 килограмм 618 грамм баңгизат табылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы маалымдады.

ИИМдин маалыматына ылайык, Баңги заттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы башкы башкармалыгынын ыкчам тобу Баткен райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайында жаткан 32 жаштагы шектүү Жалал-Абад облусундагы Республикалык психиатриалык ооруканасында мажбурлап дарылоого жаткырылган жаран аркылуу маңзат алып келүүгө буйрук берген. Токтогулда кармалган киши ушул ишке байланыштуу колго түшүрүлгөн.

Учурда факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде 267 – берене (“Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо”) боюнча катталып, сотко чейинки тергөө жүрүп жатат. 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.