УКМК эл аралык террордук топтун мүчөсүн кармады

Окуялар тизмеги 02 Янв 2021 12:31
0 ой-пикир

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет 2020-жылдын 31-декабрында коңшу мамлекеттердин биринин атайын кызматы менен биргеликте Кыргызстандын аймагындагы пландалган террордук актынын алдын алганын кабарлады. Бул тууралуу комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Атайын кызматтын маалыматына ылайык, теракт жасоого аракет кылган деген шек менен 23 жаштагы кыргыз жараны Ош облусунун аймагында кармалды. Учурда Жазык кодексинин 239-беренеси (“Терроризм актысы”) менен Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.

Тергөөнүн алдын ала маалыматына караганда, кармалган шектүү эл аралык террордук топтун мүчөсү болгон жана ал башчысынын көрсөтмөсү менен облус аймагындагы аскер бөлүктөрүнүн биринде террордук акт кылуу үчүн жарылуучу зат жасамак. 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.