Британияда аныкталган коронавирустун жаңы штаммы (түрү) Түркияда жана Кытайда катталды

Окуялар тизмеги 02 Янв 2021 16:16
0 ой-пикир

Буга чейин Британияда аныкталган коронавирустун жаңы штаммы (түрү) Түркияда да катталды.

Бул тууралуу 1-январда өлкөнүн салматтык сактоо министри Фахреттин Кожа кабарлады.

Жаңы штамм Британиядан Түркияга учуп келген 15 жарандан табылган. Министр Кожа бейтаптар үй-бүлөсү менен Газиантеп жана Балыкесир аймактарында обсервацияга алынганын билдирди.

Ал эми Түркиянын Транспорт министрлиги 1-январдан баштап Британия менен аба каттамдарын токтотконун кабарлады.

Коронавирустун жаңы мутацияланган түрү декабрдын орто ченинде алгач Британияда аныкталган. Андан бери бул түр Европадагы, Азиядагы жана Жакынкы Чыгыштагы бир нече мамлекетте табылды.

Дарыгерлердин маалыматы боюнча, жаңы штамм буга чейинки коронавирустун түрүнө караганда 70% тезирээк жайылат. Бирок бейтаптардын өмүрү үчүн мурдагыга салыштырмалуу анын кооптуу экени жөнүндө маалыматтар тактала элек. 

Жаңы штамм Улуу Британиядан кайтып келген студенттен табылган. Ал Шанхайга 14-декабрда кайтып келген. Кытайдын Оорулардын алдын алуу жана көзөмөлдөө борбору бул окуя өлкөдөгү СOVID-19 вирусун көзөмөлгө алууга коркунуч туудураарын эскертти.

Cүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.