Жүргүнчүлөрдү ташып иштеген таксистке кол салган жаран кармалды

Окуялар тизмеги 29 Дек 2020 15:20
0 ой-пикир

ИИМ: Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери жүргүнчүлөрдү ташып иштеген таксистке кол салган жаранды кармашканын ИИМдин Басма сөз кызматы маалымдады.

Ички иштер органдарына Кара-Суу районунун 24 жаштагы жашоочусу кайрылып, каракчылык менен кол салгандар жөнүндө билдирген.
Ушул жылдын 13-декабрь күнү болжол менен Ош шаарынан белгисиз адам таксиге отуруп, айдоочудан Жалал-Абадга чейин жеткирип коюну суранган. Жалал-Абад облусунун Сузак району аркылуу бара жатып Бишкек –Ош унаа жолунун болжол менен 615 километр аралыгында белгисиз адам айдоочуга кол салган. Куралга окшош предмет менен коркутуп, талаа тарапка айдоону талап кылган. Барпы айыл өкмөтүнүн аймагындагы адамдар жок жерден кол салган адам айдоочуну байлап койгон, бирок жабырлануучу качып кетүүгө үлгүргөн.
Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Сузак РИИБи сотко чейинки өндүрүштү баштаган.
ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 2-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери жана Сузак РИИБдин КМКнын кызматкерлери жогорудагы кылмыш ишинин бетин ачуунун үстүндө иштешкен. Жакында милиция кызматкерлери шектүүнүн өздүгүн такташып, ал Ош облусунун Өзгөн районунун жашоочусу 33 жаштагы Э.М. аттуу жаран болуп чыкты. Кармоо учурунда кылмышкер жабырлануучуга таандык “Деу-Матиз” үлгүсүндөгү автоунааны 50 000 сомго башкаларга сатып жибергендиги малым болгон. Автоунаа табылып алынды. Учурда иликтөө иштери уланууда.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.