Саламаттык сактоо министри: «Келгениме 2 ай эле болду»

Окуялар тизмеги 26 Дек 2020 18:50
0 ой-пикир

24-декабрда Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү гепатиттин ар кандай формалары менен ооруган бейтаптар менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чараны Нурказы Батырбеков аттуу жаран түз эфирде чагылдырган.

Жолугушууга Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев да катышкан. Гепатит менен жабыркаган тургундар бир катар маселелерди талкуулашкан.

«Мен силерди уктум, эми мени уксаңар. Менин келгениме 2 ай болду, бул убакыттын ичинде көп эле нерсени чечип келе жатабыз. Жогорку Кеңештеги талаш-тартыштан кийин силерге 10 млн сом алыптырбыз», – дейт министр Бейшеналиев.

Ал эми иш-чарага катышып жаткандардын бири 10 млн сом аз экенин айтты. Өз кезегинде министр буга чейин акча берилбей келгенин, кошумча 300 млн сом суралып жатканын билдирди.

«Биз силерден 1,4 млрд сом сураганбыз, бирок жооп ала алган жокпуз. Силерге кайра-кайра кайрылдык, бирок жомок айтасыз да», – деп кыйкырды бир аял.

«Макул анда. Чече турган адамдарга кайрылгыла. Мен силерди угайын десе», – деп министр жолугушуудан кетип калган.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.