Бишкекте тиешелүү уруксаты жок объектилер алынууда

Окуялар тизмеги 22 Дек 2020 22:13
0 ой-пикир

Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгы “Тазалык” муниципалдык ишканасынын атайын бөлүмү менен биргеликте тиешелүү уруксаты жок объектилерди алууну улантууда. Бул тууралуу бүгүн, 22-декабрда Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, дем алыш күндөрү дагы атайын топ мыйзамсыз объектилерди алууда. Түшүндүрүү иштеринен кийин Ала-Тоо аянтында 7 оюн объектиси демонтаждалган.

Андан кийин, Свердлов районунда уруксат берилбеген 23 штендер жана баннер, 6 мыйзамсыз тосмо алынган.

Шаардын Биринчи май жана Ленин районунда 33 жарнак конструкциясы, Көлбаев көчөсү 8 дарегиндеги мыйзамсыз унаа токтотуучу жайдын чынжырлары жана түркүктөрү алынып салынган.

Түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин Лев Толстой көчөсүндөгү темир тосмо өз ыктыяры менен түрттүрүлгөн.

“Урматтуу шаардыктар, ишкерлер! Сиздерден жерди пайдалануу жана курулуш эрежелерин сактоону суранабыз. Ал эми мыйзамсыз же туура эмес орнотулган объектини көрсөңүздөр, анда төмөнкү номерге чалыңыздар: 0777147493”,- деп айтылат билдирүүдө.

Сүрөт www

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.