Премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан биринчи вице-премьер-министр Артем Новиков Ысык-Көл облусуна бир күндүк иш-сапар менен 22-декабрда барат.
Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, сапардын жүрүшүндө Новиков аймактагы инфраструктуралык жана социалдык объектилердин, ишканалардын иши менен таанышат.
Премьер-министрдин милдетин аткаруучу буга чейин Ош, Баткен жана Нарын облустарын кыдырып келген.
Сүрөт интернеттен алынды