Камчыбек Ташиев 9 жаштагы окуучу кыздын видео кайрылуусунда айтылган маалыматтарды текшерүүнү тапшырды

Окуялар тизмеги 21 Дек 2020 16:56
0 ой-пикир

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев тогуз жаштагы окуучу кыздын видео кайрылуусунда айтылган маалыматтарды текшерүүнү тапшырды. Басма сөз кызматынын маалыматы боюнча кыздын кайрылуусун Ташиев өз көзөмөлүнө алды. Төрага ошондой эле кыздын үй-бүлөсүндөгү материалдык абалды да текшерүүнү тапшырган.

Кемин районунун тогуз жаштагы тургуну, окуучу кыз УКМКнын төрагасына видео аркылуу кайрылып, апасы мектепте иштей турганын, пандемия учурунда үйүндө ун калбай калганын, апасы мектеп жетекчилигинен акча сураса, аны шылдыңдап, нес кылганын айткан.

Cүрөт www

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.