Конституциялык палатанын экс-судьясы, президенттикке талапкер Клара Сооронкулова Садыр Жапаровду каттоодон өткөркөндүгү үчүн БШКны сотко берет.
Анын айтымында, ал Бишкек шаарынын административдик сотуна доо арыз даярдап жатат. Клара Сооронкулова белгилегендей, Борбордук шайлоо комиссиясы Жапаровду каттоодон өткөрбөшү керек болчу, анткени ал расмий түрдө кызматынан кетпей, премьер-министрдин милдетин убактылуу токтотту, бирок мыйзам боюнча бул кызматтан кетиши керек болчу. Ал БШКнын Садыр Жапаровду президенттикке талапкер катары каттоодон өткөрүү чечимин сотто талашууга ниеттенүүдө.
Сүрөт интернеттен алынды