Борбордук шайлоо комиссиясы Кыргызстандын президенттигине талапкер болуш үчүн БШКга арыз жазган 18 жарандын топтогон колун жарактуу деп тапты. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдирди.
Маалыматка ылайык, жалпысынан 18 адамдын топтогон 30 миң адамдын кол тамгасы жарактуу деп табылган.
Талапкер болуш үчүн арыз берген:
Бабыржан Төлбаев, Садыр Жапаров, Улукбек Кочкоров, Бактыбек Калмаматов, Адахан Мадумаров, Мыктыбек Арстанбек, Абдил Сегизбаев, Клара Сооронкулова, Жеңишбек Байгуттиев, Аймен Касенов, Элдар Абакиров, Рашид Тагаев, Канатбек Исаев, Имамидин Ташов, Каныбек Иманалиев, Арстанбек Абдылдаев, Равшан Жээнбеков, Курсан Асанов.
Эскерте кетсек, 15-декабрдан 9-январга чейин үгүт өнөктүгү жүрөт. Президенттик шайлоо 10-январда өтөт.
Сүрөт www