Парламент референдум долбоорун кабыл алды

Окуялар тизмеги 10 Дек 2020 23:52
0 ой-пикир

Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн экинчи жана үчүнчү окууда “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик түзүлүшүн (башкаруунун формасын) аныктоо боюнча референдумду (бүткүл элдик добуш берүүнү) дайындоо тууралуу” мыйзамдын долбоорун кабыл алып берди.

Мыйзам долбоорунун демигечиси депутат Акылбек Жапаров.

Добуш берүү маалында 64 депутат каттоодон өтүп, анын ичинен 60ы «макул», төртөө «каршы» добуш беришкен.

Мыйзам долбооруна ылайык, эл башкаруунун кандай формасын өзү каалап жаткандыгын тандоо сунушталат: президенттик же парламенттик. Ошондой эле бюллетенге «баарына каршы» графасын кошуу сунушталды.

Референдумду 2021-жылдын 10-январында президенттик шайлоо менен бирге өткөрүү сунушталууда.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.