Максат Сабиров: «Алар чет өлкөгө акча тапканы бара жатса, мамлекет коррупцияны уюштуруп, аларды тоноп жатат”

Окуялар тизмеги 09 Дек 2020 09:24
0 ой-пикир

Орусияга учуп жаткан кыргыз жарандардан чек арачылар учууга уруксат кагаз талап кылышууда. Ал кагазды  айыл өкмөттөрү 20 миң сомго сатып жатышат. Бул тууралуу депутат Максат Сабиров Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

«Башка өлкөгө келгенде, жарандардан эч ким уруксат кагазын  сурабайт. Ал эми айыл өкмөттөрү мындай уруксат кагаздарын 20 миң сомго сатышат. Бул биздин чек арадагы коррупция. Эл учуп кете албай кыйналышууда, билеттер жумасына бир жолу сатылууда. Алар чет өлкөгө акча тапканы бара жатса,  мамлекет коррупцияны уюштуруп, аларды тоноп жатат”,-деди депутат.

Чек ара кызматынын төрагасынын орун басары К.Исаков Кыргызстан тарабынан чыгууга эч кандай чектөө жок экендигин, күбөлүк жана уруксат кагаздары авиакомпаниянын талабы экендигин билдирди.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.