Улуттук банк 27-ирет интервенция жасады

Окуялар тизмеги 08 Дек 2020 13:57
0 ой-пикир

Кыргызстандын Улуттук банкы кезектеги интервенция жасады.

Улуттук банктын сайтында айтылгандай, кечээ, 7-декабрда валюта рыногуна 10 млн 300 миң доллар сатылган (бүтүмгө келишилген күндөн башка күндөгү эсептөөлөр менен).

Жыл башынан бери Улуттук банк валюта рыногунда 27-ирет интервенция жасап жатат.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда учурда доллардын курсу 85 сомдун тегерегинде болууда.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.