Талант Мамытов Орусиянын Мамлекеттик думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушту

Окуялар тизмеги 07 Дек 2020 21:29
0 ой-пикир

Бүгүн, 7-декабрда президенттин милдетин аткарып жаткан Талант Мамытов Москвадагы иш сапарынын алкагында Орусиянын Мамлекеттик думасынын төрагасы Вячеслав Володин менен жолугушту.

Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар парламенттер аралык кызматташтык жана эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык алакаларга байланышкан маселелерди талкуулашты.

Мамытов парламенттер ортосундагы кызматташтык жогорку деңгээлде экенин белгилеп, кыргыз тарап байланышты мындан ары да арттырууга кызыкдар экендигин кошумчалады:

«Жогорку деңгээлдеги иш сапарлар жана эки өлкөнүн парламенттеринин ортосундагы кызматташтык боюнча Парламенттер аралык комиссиянын алкагындагы жолугушуулар бул жааттагы алаканы арттыруудагы негизги кадам катары эки элдин достугун бекемдөөдө өтө маанилүү», — деди Талант Мамытов.

Ал COVID-19 пандемиясы Кыргызстан менен Орусиянын Кайчылаш жылынын алкагында мерчемделген иш-чараларды өзгөртүүгө мажбур кылганын өкүнүү менен белгиледи. Буга байланыштуу калган иш-чараларды эпидемиологиялык абал турукташкандан кийин улантууну, ал эми жабылыш салтанатын 2021-жылы Кыргызстанда өткөрүүнү сунуш кылды.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.