ИИМ: 4 жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөн Россия Федерациясынын жараны кармалды

Окуялар тизмеги 07 Дек 2020 16:40
0 ой-пикир

Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.
2020-жылдын 4-декабрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Интерпол улуттук борбордук бюросунун жана Нарын ОИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери эл аралык издөөдө жүргөн Россия Федерациясынын жаранын кармашты. Россия Федерациясынын жараны 41 жаштагы М.В. карата 2016-жылдан бери Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 228.1-беренесинин 2-бөлүмүндө (Баңгизаттарды сатуу жана сактоо) көрсөтүлгөн кылмыштарды жасагандыгы үчүн укук коргоо органдары издөө жарыялаган.
Азыркы учурда кармалган М.В. Нарын шаарынын тергөө абагына киргизилди. Эл аралык издөөдө жүргөн шектүүнү өз өлкөсүнө экстрадициялоо боюнча маселелер чечилип жатат.

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.