«Кадастр» мекемесинин директору коррупцияга шектүү катары кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 3-декабрда билдирди.
Маалыматта мекеменин жетекчилиги аймактык бөлүмдөрдүн башчыларынан мыйзамсыз түрдө акча чогултуп келгени айтылат.
УКМКнын Антиркорруциялык кызматы сотко чейинки териштирүү иштеринин алкагында бул коррупциялык схеманы аныктаганы белгиленген.
Маалыматка караганда, иликтөө иштеринде бул ишке «Кадастр» ишканасынын директорунун катышы бар экени аныкталып, ал 2-декабрда кармалып, УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Тергөө жүрүп жатат.
«Кадастр» мекемеси УКМКнын билдирүүсү тууралуу комментарий бере элек.
Бул ишкана өкмөттүн алдындагы Жер ресурстары боюнча агенттикке карайт.
Сүрөт интернеттен алынды