ИИМ: Эл аралык маанидеги жолдорунда “Жол кыймылынын эрежелерин сактаңыз!” аттуу челендж өткөрдү

Окуялар тизмеги 02 Дек 2020 09:56
0 ой-пикир


Бул тууралуу ИИМдин ЖКККББнын Басма сөз кызматы Еlgezit.kg порталына маалымдады. Унаа жолу жогорулатылган коркунучтун булагы болуп саналат. Жол кырсыгы жол кыймылынын катышуучуларынын тажрыйбанын жетишсиздигинен, байкабастыктан, билбестиктен жана негизги эрежелерди сактабагандыктан келип чыгып, адамдардын өмүрүн жана ден соолугун алып, жашоосун талкалоодо.
Оор жол-транспорт кырсыктарынын санын азайтуу жана болтурбоо үчүн жол кыймылынын коопсуздугу көйгөйүнө жол кыймылынын катышуучуларынын көңүлүн буруу жана жолдордо коопсуз жүрүм-турумду кеңири жайылтуу максатында, ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы, Чүй ОИИББ боюнча ЖКККБ кызматкерлери менен биргеликте “Жол кыймылынын эрежелерин сактаңыз!” аттуу челенджин өткөрүштү.
Уюштуруучулар мындай иш-чаралар жол кыймылынын коопсуздугу көйгөйүнө жол кыймылынын катышуучуларынын көңүлүн бурат деп ишенишет.
ИИМдин ЖКККББ өмүр жана ден соолук эң жогорку баалуулук экендигин эскертет. Ал эми жол кыймылынын эрежелерин сактоо — ар бирибиздин коопсуздугубуздун кепилдиги!

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.