Талант Мамытовго Адил Турдукулов баштаган «Саясий репрессияларга каршы комитет» кайрылды

Окуялар тизмеги 30 Ноя 2020 15:57
0 ой-пикир

Жарандык активист Адил Турдукулов баштаган «Саясий репрессияларга каршы комитет» саясий туткундарга адилет сот чечимин талап кылуу, алардын ишин ачык соттук отурумдарда кароо боюнча президенттин милдетин аткарып жаткан Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовго кайрылуу жасады.

Кайрылууда саясатчылар Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотонов, Аида Салянова, Дастан Сарыгулов, Марат Султанов, Бактыбек Калмаматов ссыяктуу саясатчылардын соттук иштери создуктурулуп, ошол эле маалда Садыр Жапаров, Талант Мамытов жана Камчыбек Ташиевди актоодо соттор тездик менен иштегени айтылат.

«Кой-Таш окуялары боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары Фарид Ниязов, Равшан Жээнбеков, Дамир Мусакеев, Канат Сагымбаев, Кундуз Жолдубаева, Асел Кодуранова, Ирина Карамушкина, Мээрбек Мискенбаев дагы эле камакта жана үй камагында жатышат. Саясий чечимдердин айынан Кубаныч Кадыров менен Бектур Асанов президенттик шайлоого катыша албай, Баш мыйзамдагы негизги укугу бузулду. Бул жагдай 10-январдагы шайлоонун легитимдүүлүгүнө таасир этет. Президенттин милдетин аткарып жаткан Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытовго жогоруда аты аталган саясатчылар боюнча сот адилеттүүлүгүн, ачыктыгын президенттик шайлоого чейин камсыз кылууга чакырабыз. Бул жагдай өлкө ичинде жана чет жакта президенттик шайлоону расмий таанууга өбөлгө болот. Азыркы бийлик буга кызыкдар болушу керек» деп айтылат кайрылууда.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.