Дүйшөнбек Чоткараевди күч органдары кармап кетти

Окуялар тизмеги 28 Ноя 2020 00:01
0 ой-пикир

27-ноябрда кечинде УКМКнын төрагасынын мурдагы орун басары, генерал-майор Дүйшөнбек Чоткараевди күч органдары кармап кетти. Бул тууралуу президенттик шайлоого талапкер болуш үчүн арыз жазган УКМКнын экс-төрагасы Абдил Сегизбаев билдирди. Анын айтымында, Чоткараев Сегизбаевдин шайлоо штабынын башчысынын орун басары болуп иштеп жаткан.

«Чоткараев менин талапкерлигим үчүн кол топтоо иштерин координациялап жаткан. Аны кармоону саясий кысым катары баалайм. Бизди шайлоого катыштырбоо аракети болуп жатат», — деди Сегизбаев.

Сегизбаев буга чейин жер-жерлерде тарапкерлерине басым болуп келгенин жана мындай мындай көрүнүш улана берсе президенттик шайлоого көлөкө түшөрүн эскертти. «Таза шайлоо өтпөсө ал бийликтин жоопкерчилигинде болот» — деди.

УКМК Чоткараев алтын аткезчилиги боюнча тергөө амалдарына катышуу үчүн чакырылганын билдирди. Атайын кызмат калган маалымат тергөө аяктаган соң берилерин кошумчалады.

2016-2018-жылдары Абдил Сегизбаев УКМКнын төрагасы кезинде Дүйшөнбек Чоткараев анын орун басары болчу.

ttps://www.facebook.com/watch/live/?v=158173026006511&ref=watch_permalink&t=297

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.