Жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлоруна зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча семинар болуп өттү

Окуялар тизмеги 27 Ноя 2020 16:03
0 ой-пикир

Чүй облусунун ички иштер органдарынын жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлоруна зордук-зомбулукту алдын алуу боюнча семинар болуп өттү

Белгилеп кетүүчү жагдай, 25-ноябрь — аялдарга карата зордук-зомбулукту жоюу үчүн күрөшүүнүн эл аралык күнү. Буга карата “Зомбулуксуз жашоо” деген 16 күндүк акция башталган жана ал 10-декабрга чейин улантылат.
Бул иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Демократиялык процесстерди изилдөө борбору менен биргеликте үй-бүлөдөгү жана жаш өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулуктарды алдын алуу боюнча семинар өткөрүштү.
Иш-чара Чүй облусунун ИИББнын кеңешме залында болуп, ага ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынан жаш өспүрүмдөр иштери боюнча бөлүмдүн башчысы, милициянын полковниги Н.Адылова, Демократиялык процесстерди изилдөө борборунун кызматкерлери Чүй облусунун ИИОнун жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекторлоруна лекцияларды окушту.
Жолугушууда үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандарга укуктук, психологиялык жана социалдык колдоо көрсөтүү, үй-бүлө мүчөлөрү арасындагы чыр-чатактарды жөнгө салуу, жаш өспүрүмдөргө карата жасалган зомбулуктарды алдын алуу боюнча кызматкерлерге лекциялар окулуп, семинар суроо жооп иретинде өттү.
Бул семинар эки этап менен болуп, кызматкерлерге жаш өспүрүмдөргө карата жасалган зомбулуктар тууралуу тасмалар көргөзүлүп, зомбулукка кабылган балдарды аныктоо жана андан ары мыйзам чегинде иш алып баруу маселелери талкууланды.
Чүй ОИИББдин Басма сөз кызматы

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.