Талант Мамытов Россия Федерациясынын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин менен телефон аркылуу сүйлөштү

Окуялар тизмеги 27 Ноя 2020 19:05
0 ой-пикир

Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдады.

Баарлашуу алкагында Россия Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин Талант Мамытовду Жогорку Кеңештин Төрагасы кызмат ордуна шайланышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады.  

Муну менен катар тараптар 30-ноябрда өтүүчү Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблея (ЖККУ ПА) Кеңешинин күн тартибин талкуулап, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши менен Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын ортосундагы парламенттер аралык кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алмашты.  

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.