Тайырбек Сарпашевге карата «мыйзамсыз баюу» фактысы боюнча иш козголду

Окуялар тизмеги 27 Ноя 2020 18:21
0 ой-пикир

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (Финпол) мурдагы вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевге карата «мыйзамсыз баюу» фактысы боюнча сотко чейинки териштирүү баштаганын 27-ноябрда кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, «Ал мамлекеттик мекемеде жетекчилик кызмат ордун ээлеп турганда көп сандаган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатып алган, кийин аны декларацияларда көрсөтпөстөн жакын туугандарына каттаган».

Финпол Сарпашев бул боюнча суракка чакырыларын кабарлады.

Сарпашев же анын жактоочулары бул маалыматы боюнча азырынча комментарий бере элек.

Ал өкмөттө 2012-2014-жылдары экономика жана инвестиция боюнча вице-премьер-министр, 2014-2015-жылдары биринчи вице-премьер-министр болгон. 2015-жылдын ноябрь айынан 2017-жылдын июнь айына чейин Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы болгон.

Финпол Сарпашев 2016-жылы мурдагы президенттин уулу Максим Бакив менен байланышы бар адамдарга катталган мүлктү камактан мыйзамсыз чыгарууга тиешеси болгон деп айыптап, быйыл 11-ноябрда анын үйүндө тинтүү жүргүзгөн. Мындай айып ага 2017-жылы да коюлган. Ошол эле жылы тендерге байланыштуу Жазык кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен иш козголгон. Мыйзам бузуу болбогонун, бул иштер кийин токтотулганын Тайырбек Сарпашев 2018-жылы билдирген. 

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.