Опузалап акча талап кылып жүргөн атуулдар кармалды

Окуялар тизмеги 27 Ноя 2020 16:13
0 ой-пикир

Кадамжай районунун Жаңы-Жер участкасынын 30 жаштагы тургунун 3 бейтааныш балдар “Сен Өзбекстанга жүк өткөрөт экенсин, бизге акча бересин” деп бир канча жолу талап кылгандыгын билдирип милицияга арыз менен кайрылган.
Бул факты Кадамжай РИИБнин КЖБРне Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 203-беренеси (опузалап талап кылуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Жогорудагы факты боюнча Кадамжай РИИБнин ыкчам кызматкерлери тарабынан ыкчам-тергөө тобу түзүлүп, иликтөө иштери башталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында Кадамжай районунун Жаңы-Жер айылында арыздануучудан 2 095 000 (эки миллион токсон беш миң) өзбек валютасындагы сумун опузалап алган жеринен Кадамжай районунун Жошук айылынын 3 жараны 40 жаштагы О.А., 33жаштагы З.М. жана 35жаштагы Б.А. аттуу жарандары кармалышкан.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө бул кармалган 3жаран мурда оор беренелер менен соттолгондугу жана бул кылмыштуу топтун мүчөлөрү башка жарандардан да опузалап акча талап кылып жүрүшкөндүгү аныкталган.
Азыркы күндө кармалган жарандар убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө иштери жүрүп жатат.
Баткен ОИИБнын Басма сөз кызматы

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.