Өндүрүш Токтонасыров акцияга чыкты

Окуялар тизмеги 27 Ноя 2020 15:53
0 ой-пикир

Жарандык активист, укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров бүгүн, 27-ноябрда Конституциялык палатанын алдына пикетке чыкты. Колуна «Мыйзам корголсун! Мыйзам сакталсын! Конституцияны өзгөртүүгө жол жок!» деген жазууларды кармаган укук коргоочу Кыргызстанда бийлик мыйзамды бузуп жатат деп эсептейт:

«Мыйзамдуу мамлекет, мыйзамдуу бийлик болушу үчүн эң ириде биз парламенттик шайлоо өткөрүүгө тийишпиз. Президенттик шайлоо менен референдум өткөрүү мыйзамсыз, президенттик шайлоону токтотуу зарыл. Биз эл аралык коомчулукка уят болуп жатабыз», — деди активист.

4-октябрда өткөн парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразы болгон партиялардын тарапкерлеринин 5-октябрдагы митингдери тополоң менен коштолуп, 6-октябрга караган түнү митингчилер президенттик администрация менен парламенттин имаратын, УКМКны ээлеп алып, Садыр Жапаров баштаган камактагы жоон топ саясатчыларды бошоткон. Митингчилерге карай ок атылып, бир адам каза болгон, ондогон адамдар түрдүү жаракат алышкан.

Кийинчерээк өкмөт башчы, андан кийин президенттин милдетин аткаруу кызматын колуна алган Садыр Жапаров Конституциялык реформа жүргүзөрүн билдирген.

Сүрөт интернеттен алынды

Ой-пикир калтыруу

Ваш e-mail не будет опубликован.

Конул бурунуз: Сиздин пикириниз сайттын администраторунун модерациясынан кийин жайгаштырылат.